Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Европа бирлиги (еб)

ЕВРОПА БИРЛИГИ (ЕБ) – өзүнө федеративдик мамлекеттин жана эларалык уюмдардын касиеттерин камтыган мамлекеттер аралык бирикме, 1993-жылы Европа Шериктештигинин негизинде пайда болгон. 1992-жылы Маастрихте (Нидерланды) Европа Шериктештигинин 12 мүчө-мамлекетинин мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган ЕБ жөнүндө келишим 1993-жылы 1-ноябрда күчүнө кирген. Келишим ЕБнин улуттук жарандыгына кошумча ЕБ жарандыгын киргизет жана үч негизге таянат: Европа Бирлиги жөнүндөгү Келишимде каралган Европа Шериктештигинин кошумчаларына жана кызматташуу тариздерине; биргелешкен тышкы саясат жана эларалык коопсуздук тармагындагы саясатка; ички жана укуктук саясаттагы кызматташууга. 2005-жылдын 1-мартына карата ЕБга 25 мүчө-мамлекет кирген: Австрия, Бельгия, Кипр, Чехия, Дания, Эстония, Германия, Греция, Финляндия, Франция, Венгрия, Ирландия, Италия, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Польша, Португалия, Словакия, Словения, Испания, Швеция, Нидерланды, Улуу Британия. а) Европа кеңеши; б) Европа парламенти; в) Европа Бирлигинин Кеңеши; г) Европа комиссиясы; д) Европа соту ЕБ органдары болуп саналат. Бул органдар өз иштерин Европа Шериктештигин түзүү тууралуу келишимдин мазмун-маңызына жана андан кийин кабыл алынган келишимдер менен актыларга, алардын толуктоо же өзгөртүүлөрүнө жана ЕБ жөнүндө Келишимдин эрежелерине ылайык ишке ашырышат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: